Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Эксперт Замир Айылчиев 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого жаштардын жана жалпы жарандардын активдүү катышуусу маанилүү экенин айтты.
Анын пикиринде, шайлоочулардын активдүү катышуусу жарандык жоопкерчиликти күчөтүүгө жана шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
"Шайлоо процессине көп адам катышса, бул мамлекеттин өнүгүүсүнө жана реформалардын жүрүшүнө оң таасирин берет", - деди Айылчиев.
Ал жаштарды президенттик шайлоого активдүү катышууга чакырып, добуш берүү өлкөнүн келечегине таасир этүүчү жарандык тандоо экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.