Эксперт: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө саясий-укуктук негиз жок

Пикир Загрузка... 18 Февраль 2026 16:50
WhatsApp Image 2026-02-18 at 16.21.25 (1).jpeg
copyright icon WWW

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26 /Кабар/. Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жок экенин, Конституциялык сот Кыргызстандын Баш мыйзамына таянуу менен чечмелеп берди. Юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев бул маселеге укуктук, саясий жана социалдык жактан комплекстүү түрдө кароо зарылдыгын белгиледи.

“Мыйзамда 2010-жылдагы Конституция боюнча шайланган 6 жылдык мөөнөт ошол боюнча калат деп белгиленген. Ал эми 2021-жылдагы жаңы Конституция менен шайлана турган убакыт - бул экинчи мөөнөт. Өзгөчө белгилеп кете турган жагдай, тышкы багыт боюнча да бүгүнкү күнү биздин алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен көп векторлуу эл аралык саясатыбыз дурус жүрүп жатат. Социалдык тармакты да белгилей кетүү керек. Жалпы мамлекеттик масштабда 30 жылда болгон кемчиликтин баары жоюлду. Канчалаган үйлөр курулуп, жолдор салынып жатат. Кумтөрдү кайтарып алгандан баштап, пенсия, жөлөк пул, айлык жана башка дагы толгон токой социалдык маселелердин баары чечилип жатат”, - деп билдирди профессор Чолпонкул Арабаев.

Эске салсак, Конституциялык сот 2026-жылдын 17-февралында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөт боюнча Конституцияны чечмелөө сунуштамасына жооп берди. Конституциялык сот Баш мыйзамга таянуу менен кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтө турганын билдирди.