Эксперт: Мунай жеткирүүчүлөрдү субсидиялоо экономикага жана калкка колдоо

Пикир 21 Август 2026 15:30
WhatsApp_Image_2026_w0I7jeE.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын бийлиги күйүүчү-майлоочу материалдын (КММ) иш жүзүндөгү наркы менен чекене баасынын ортосундагы айырманы компенсациялоодо. Учурда мунай заттарынын тартыштыгынан улам күйүүчү май мурдагыга караганда кыйла кымбат баада чет өлкөдөн сатып алынууда. Ошол эле учурда Кыргызстандагы май куюучу жайларда күйүүчү май иш жүзүндөгү чыгымдан кыйла төмөн баада сатылууда. Мунай заттарынын түрүнө жараша айырма литрине 25 сомдон 37 сомго чейин жетет. Бул максатта өкмөт буга чейин 1 млрд сомдон ашык каражат бөлгөн.

Экономика жана бизнес тармагындагы эксперт Сергей Пономарев "Кабар" агенттигине берген комментарийинде КММ тармагына субсидия берүүнү биринчи кезекте бийликтин калкты жана Кыргызстандын экономикасын колдоого багытталган натыйжалуу чарасы катары кароо керектигин белгиледи.

Анын айтымында, инфляцияны кармап турууга багытталган каражаттар өзүн актайт. Анткени күйүүчү майдын кескин кымбатташынан улам калктын чыгымдарынын өсүшү кыйла олуттуу зыян алып келип, жашоо деңгээлине таасир этмек жана экономикалык тең салмактуулукту бузушу мүмкүн.

"Бул чындыгында абдан зарыл жана бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй актуалдуу чара. Азыр түшүм жыйноо, күзгү талаа иштери башталууда. Эгер дизелдик отун болжол менен 30%га кымбаттаганда, бул сөзсүз түрдө жашылча-жемиштердин баасынын өсүшүнө алып келмек. Анын таасири азыр эле эмес, келерки жылдын түшүмүнө да тиймек.
КММ дээрлик бардык товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркына кирет. Азыркы экономика товарларды ташуунун логистикасы жүк ташуучу унааларды күйүүчү май менен камсыздоого түздөн-түз байланышкандай түзүлгөн. КММ канчалык кымбат болсо, дүкөндөрдөгү баалар да ошончолук жогорулайт.
Ошондуктан бул чара инфляцияны ооздуктоо гана эмес, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, калкты жана бизнести колдоо болуп саналат.
Менин түшүнүгүм боюнча, учурда күйүүчү майдын бир литрине 25тен 35 сомго чейин субсидия берилүүдө. Бул абдан чоң каражат. Мындан тышкары, КММ бир катар салыктардан бошотулду. Азыр республика жетекчилигинин мындай кадамдары олуттуу кыйынчылыктардан качууга мүмкүндүк берип жатканын көрүп жатабыз", – деп жыйынтыктады Сергей Пономарев.