Бишкек, 07.07.2026 /Кабар/. Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардаринин Кыргызстанга расмий сапары эки өлкө ортосундагы экономикалык, саясий жана маданий кызматташтыкты чыңдап, соода жүгүртүүнү 2027–2028-жылдарга чейин 200 млн долларга жеткирүү максатын ишке ашырууга өбөлгө болот. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров билдирди.
Анын айтымында, Пакистандын президенти Асиф Али Зардаринин Кыргыз Республикасына расмий сапары – декабрь айында президентибиз Садыр Жапаровду Пакистанда жылуу кабыл алып, бир катар келишимдерге жана документтерге кол коюлган сапардын уландысы.
"Президентибиздин ошол сапарында экономика, саясат, маданият жаатында кызматташтыкты бекемдеген бир топ мазмундуу документтерге кол коюлган. Учурда ошол документтерди ишке ашыруу максатында бир катар иш-чаралар аткарылууда. Азыр Пакистан президенти Асиф Али Зардари өлкөбүзгө келип, түзүлгөн кызматташтыкты бекемдеп, байланыштарды мындан да жогорку деңгээлге жеткирүү максатын көздөөдө.
Эң негизгиси, экономикалык байланыштар бекем болуп, тышкы сооданы жакшы деңгээлге жеткирүү зарыл. 2027–2028-жылдарга чейин эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 200 млн долларга көтөрүү максаты коюлган. Азыркы учурда ал көрсөткүч 16,5 млн долларды түзөт. Бирок, бир топ долбоорлор аныкталып, анын негизинде иш-чаралар жүрө баштады", – деди Абдыров.
Ал өз сөзүндө товар ташый турган Кыргызстан–Пакистан маршруту тесттик режимде иштелип чыгып жатканын маалымдады. Андан тышкары, көп жылдан бери медициналык окуу жайларыбызда Пакистандын жарандары билим алып жатканын жана алардын саны жылдан жылга көбөйүп жатканын кошумчалады.