Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Косметологдордун хирургиялык операция жасоого укугу жок. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтунун медицина илимдеринин квалификациясын жогорулатуу факультетинин пластикалык жана реконструктивдүү хирургия курсунун окутуучусу Султанбек Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, пластикалык операция жасатууга чечим кабыл аларда бейтап процедура тууралуу жакшылап маалымат алып, дарыгерди жана клиниканы кылдаттык менен тандашы керек.
Квалификациялуу пластикалык хирург төмөнкү документтерге ээ болушу зарыл:
- медициналык жогорку окуу жайдын диплому,
- хирургия боюнча иштөөгө уруксат берген аттестат,
- тогуз жылдык билимди тастыктаган ординатураны бүткөндүгү тууралуу сертификат.
Косметологдор негизинен инъекциялык процедураларды жүргүзүшөт. Ал эми хирургиялык операциялар үчүн атайын "хирургия" адистиги талап кылынат.
Султанбек Абдылдаев кошумчалагандай, лицензиясы жана диплому жок “көмүскө адистерге” кайрылуу баасы арзан болгону менен оор кесепеттердин тобокелдигин дээрлик он эсеге чейин жогорулатат.