Экономист: Мамлекеттик карызды төлөөгө Кыргызстандын кудурети жетет

Экономика 112 12 Август 2026 16:25
1430870954.png
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы карызын төлөөнүн эң жогорку көлөмү 2026-2028-жылдарга туура келет, андан кийин төлөмдөрдүн көлөмү азая баштайт. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров жергиликтүү радиолорго берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик карыз тышкы жана ички карыз болуп экиге бөлүнөт. Тышкы карыз боюнча негизги донорлордун катарында Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы жана Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы бар.

“Эгемендүүлүктү алгандан бери бүгүнкү күнгө чейин тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу 2026-2027-2028-жылдарга келет. Бул эң көп төлөй турган учурубуз. Андан кийин кыскара баштайт”, — деди Жапаров.

Эксперт тышкы карызды берүүдө эл аралык каржы уюмдары жана мамлекеттер өлкөнүн экономикалык абалын эске аларын белгиледи. Анын пикиринде, карыз маселесине саясий өңүт бербестен, аны экономикалык жана каржылык маселе катары кароо керек.

“Көбүнчө тышкы карызды биздин элибиз жана башка кандайдыр бир күчтөр саясий күчкө айландырып алган. Бирок, бул таза экономикалык маселе. Ошондуктан тышкы карыз маселесин чечүүчү министрликтер, органдар бар, ошолор көзөмөлдөйт”, — деди ал.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 10 млрд долларга жакындап, өлкөнүн ички дүң продукциясына салыштырмалуу 40 пайыздын тегерегинде турат. Ал белгилегендей, учурда өлкө ИДПсы болжол менен 2 трлн сомго, же 24-25 млрд долларга жетти.

Белгилей кетсек, ошол эле учурда мамлекеттик карыздын түзүмүндө ички карыздын өсүшү байкалууда. Жыл башынан бери ички мамлекеттик карыз 1 млрд 166 млн долларга көбөйүп, май айынын аягында 4 млрд 739,6 млн долларды түзгөн. Ал эми тышкы карыз тескерисинче 133 млн долларга азайган.

Профессор өлкө экономикасынын өсүү темпи жогору экенин белгилеп, орточо эсеп менен экономикалык өсүш 10 пайыздан жогору болуп жатканын айтты.

"ИДП — бир жылдын ичиндеги өндүрүлгөн товарлардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын дүң көлөмүнүн баасы. Ал эми тышкы карызды саясатташтыруунун кереги жок. Бул таза каржылык, экономикалык маселе. Мамлекет төлөйт, мамлекеттин төлөгөнгө кудурети жетет”, — деди Гурас Жапаров.