Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда энергетика тармагында абалды жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүрүп, мамлекет тарабынан кеңири колдоо көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков "Кабар подкастта" билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикасы ылдам өнүгүп, курулуш жана социалдык объектилердин саны өсүүдө.
"Натыйжада электр энергиясына болгон суроо-талап да кескин өсүп жатат. Бирок ири долбоорлорду ишке ашырууда убакыт менен жетишпей жатабыз. Салыштырып айтсам, чуркап бара жатсаң да, ордуңдан жылбай тургандай болуп, убакыт жетишпегендей сезимдер болууда. Бирок убакыт деп отура бербестен кадам таштоо менен энергетика тармагында маселелерди чечишибиз керек", - деди министр.
Ал ошондой эле учурда энергетика тармагында багыттар так аныкталып, тиешелүү чечимдер кабыл алынып жатканын белгиледи.
"Өкмөт тарабынан тармакка каржылык жана уюштуруучулук жактан чоң колдоо көрсөтүлүүдө. Сунуш бергиле, чечимин айткыла — бардык тараптан жардам беребиз деген шарттар бар. Ошондуктан убакытты текке кетирбей, кадам-кадам менен маселелерди чечишибиз керек", - деди Рысбеков.