Экономикалык өсүш. Республикалык бюджет 800 млрд сомдон ашты

Экономика Загрузка... 28 Ноябрь 2025 12:12
WhatsApp Image 2025-11-28 at 11.27.45.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.11.25 /Кабар/. Республикалык бюджет жыл башында 500 млрд сом болуп бекиген, эми өзгөртүүлөр киргизилип 800 млрд сомдон ашыкка көбөйөт. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мындай өсүш өлкөнүн киреше булактарынын көбөйгөнүн жана чыгашалардын кыскарганын көрсөтөт.

“Жыл башында республикалык бюджет 500 млрд сомдун тегерегинде деп кабыл алынган. Бирок, учурда бюджеттин көлөмү 800 млрд сомдон ашып кетти. Бул биздин экономикалык өсүштүн жана финансылык туруктуулуктун көрсөткүчү. Кирешелер артып, чыгашалар оптималдаштырылды”,- деди министр.

Бакетаев кошумчалагандай, 3-декабрда министрлер кабинетинин жыйыны өтүп, бюджет боюнча кошумча маселелер каралат.