Экономикалык өсүш элдин жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталат – минкаб төрагасы

Экономика Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 18:20
1741668550-158e0f3768053741c37e.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Өлкөнүн экономикалык жетишкендиктери калктын жашоо сапатына түздөн-түз таасир этиши керек. Бул багыттагы негизги кадамдар – жаңы жумуш орундарын түзүү, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана пенсионерлерди колдоо болуп саналат. Бул тууралуу жарандар экономиканын өсүшүнүн таасирин качан сезе баштайт деген суроого жооп берип жатып, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кабар подкастта" билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, мамлекеттин негизги милдети – экономикага инвестиция тартуу аркылуу жарандарды жумуш менен камсыз кылуу.

IMG_8415.JPG_1.2e16.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
"Биринчи кезектеги милдет – жарандар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү. Бул үчүн инвестициялар, чакан, орто жана ири ишканаларды куруу зарыл. Дагы бир жолу кайталайм, убактылуу жумушсуздардын баарын иш менен камсыз кылуу үчүн бизге инвесторлор керек", – деп баса белгиледи Касымалиев.

Мамлекеттик органдардын ишиндеги экинчи маанилүү багыт катары министрлер кабинетинин төрагасы социалдык тармакты комплекстүү жакшыртууну атады.

  • Саламаттык сактоо: ооруканаларды жаңылоо жана сапаттуу акысыз медициналык жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү;
  • Билим берүү: балдар үчүн заманбап шарттарды жана татыктуу окуу жайларын түзүү;
  • Социалдык коргоо: минималдык пенсия алуучулар үчүн төлөмдөрдү этап-этабы менен көбөйтүү.