Экономикалык өсүш – айлык акынын жогорулашын шарттайт

Экономика Загрузка... 30 Март 2026 19:05
01_AOwFPpA.max-1920x1080.format-webp.webp

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда акыркы жылдары экономикалык өсүш туруктуу темп менен уланууда. Өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырып, өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактары активдүү өнүгүүдө. Бул, өз кезегинде, мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтүп, эмгек акылардын жогорулашына өбөлгө түзүүдө.

Өлкөдөгү айлык маянанын өсүшү экономикалык өнүгүү, мамлекеттик киреше менен түздөн-түз байланыштуу экендигин экономика илимдеринин доктору, профессор Сагын Чалбаева “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, өлкө экономикасынын өскөнүн акыркы макроэкономикалык көрсөткүчтөр тастыктап турат.

“Мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин айлык акылары эзелтеден эле мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Мамлекеттик бюджет канча акча бөлүп берсе, ошонун негизинде айлык акылар көтөрүлөт. Ал эми мамлекеттик бюджеттин кирешеси түшкөн салыктын негизинде өсөт. Салыкты юридикалык компаниялар, орто жана чакан ишкерлер, жарандар төлөйт. Мисалы, өткөн жылы 100гө жакын өнөр жай ишканалары ачылды. Быйыл да ачылып жатат. Биз, негизи, айыл чарба өлкөсүнөн индустриялдык-айыл чарба өлкөсүнө айландык. Демек, өлкөдө ири, орто жана чакан ишканалар ачылып, жаңы жумуш орундары түзүлүүдө. Ишканалар, анда иштеген жумушчулар да киреше салыгын төлөп жатышат. Салык боюнча былтыркы жыйноо 2025-жылдын 4-кварталында 1,5 эсеге өскөн. Мына ушунун баары бири-бири менен байланыштуу болгондуктан, экономикалык өнүгүү, айлык акылардын өсүшү түздөн-түз мамлекеттик киреше менен тыгыз байланышта. Экономиканын өскөнүн акыркы макроэкономикалык көрсөткүчтөр тастыктоодо. Биз азыр ЕАЭБ өлкөлөрү ичинде ИДПнын деңгээли боюнча биринчи орунда турабыз”, — деди Чалбаева.

Маалым болгондой, өткөн жылы ИДПнын реалдуу өсүшү 11,1% түзгөн. Акыркы 4 жылда өлкөнүн экономикасы орточо эсеп менен жылына 10,2%га өсүп, бийлик бул темпти быйыл да сактоону көздөөдө.

Экономист Насирдин Шамшиев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде 2026-жылдын эки айынын жыйынтыгы менен бизде ИДП 8,8 пайызга көбөйгөндүгүн белгилеген.

“Ушунун ичинен эң көп 15,5 пайызга өнөр жай, 23,2 пайызга курулуш тармагы өсүүдө. Ал эми соода тармагы 11 пайыздан ашыгыраак өстү. Демек, бул тармактардын алдыда дагы өсүшүнө потенциалы бар. Курулуш тармагы кийинки жылдарга экономикалык өсүштүн пайдубалын түзүүдө”, — деди ал.

Белгилүү болгондой, эмгек акынын өсүшүн шарттаган негизги факторлордун бири — жалпы экономикалык өсүш. Өлкө экономикасы өнүккөндө эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт, бул компанияларга көбүрөөк киреше алууга шарт түзөт. Өндүрүмдүүлүктүн өсүшү менен уюмдардын финансылык ресурстары кызматкерлердин кирешесин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул, өз кезегинде, айлык акынын жогорулашына жана калктын жашоо деңгээлинин жакшырышына алып келет.

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 45 миң 797 сомду түзгөн. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1%га өскөндүгүн Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таянуу менен билдирген.

Маалымдалгандай, керектөө бааларынын индексин эске алганда, реалдуу эмгек акы 6,3%га көбөйгөн. Маалыматка ылайык, айлык акынын өсүшү экономиканын бардык тармактарында байкалган.

Эң жогорку өсүш төмөнкү тармактарда катталды:

- административдик жана көмөкчү ишмердик — 49,4%;

- саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө — 35,8%;

- электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо — 30,5%;

- кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик — 27,8%;

- айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоо — 25,3%;

- кыймылсыз мүлк операциялары — 23,1%.

Жалпысынан, эмгек акынын өсүшү бардык тармактарда байкалгандыгын көрүүгө болот.

Эмгек акы — кызматкерлер менен бирге иш берүүчүлөрдү да бирдей түйшөлткөн маселе. Экономикалык кырдаалдын туруктуу өзгөрүп турушу, инфляциянын өсүшү жана эмгек рыногундагы туруксуздук шартында айлык акыны жогорулатуунун себептери жана механизмдери маанилүү орунду ээлейт.

Президент Садыр Жапаров 27-мартта мамлекеттик башкаруу секторунда айрым кызматкерлерге материалдык дем берүү жана эмгек акысын теңдештирүүгө багытталган жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып бир канча багыттар боюнча кызматкерлердин айлыгы көбөйтүлөт.

Мында мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлыгы дагы бир ирет 100 пайызга көтөрүлмөкчү. Андан тышкары, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысы теңдештирүү, тегеректөө жана президенттик компенсациялык төлөмдү белгилөө менен жогоруламакчы.

Кыргызстанда айлык акынын өсүшү кокустук эмес, өлкөнүн макроэкономикалык туруктуулугунун жана индустриалдык өнүгүүсүнүн түз натыйжасы экенин көрүүгө болот. Экономиканын 10%дан ашык өсүш темпин сактоосу жана салык жыйноонун натыйжалуулугу мамлекеттик бюджеттин потенциалын арттырып, мугалим, дарыгерлерден тарта бир катар тармактардын кызматкерлерин материалдык колдоо көрсөтүүгө жол ачууда.