Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын сегиз айынын жыйынтыгы менен Кыргызстанда ички дүң продукт триллион сомдон ашып, 2024-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 10%дан ашык өстү. Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров "Кабар" маалымат агенттигине берген комментарийинде көрсөткүчтөрдүн өсүшү негизги секторлордогу структуралык өзгөрүүлөрдүн эсебинен жетишилгенин билдирди.
«Статистикалык маалыматтар Кыргызстандын экономикасында структуралык жылыш болгонун көрсөтүп турат, тейлөө жана курулуш тармактарында өсүш байкалууда. Мисалы, 2025-жылдын январь-август айларында ИДП 11%га көбөйдү, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу абдан жакшы натыйжа. Айыл чарбасы, курулуш жана тейлөө тармагы өсүштүн негизги кыймылдаткычтары болуп саналат. Мындан тышкары, салыктык башкаруу системасы жакшыртылып, бюджеттин киреше бөлүгүнүн толукталышын камсыз кылууда.
Учурда өлкөдө узак мөөнөттүү туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу маселеси коюлууда. Өнөр жай тармагында активдүү индустриализация жана инновацияларды киргизүү зарыл экенин түшүнүү керек. Азык-түлүк коопсуздугун мындан ары да чыңдоо зарыл, тогуз негизги азыктын үчөө боюнча толугу менен камсыздалганбыз, экөө оптималдуу көрсөткүчтөргө жакын, азыр калган позициялар боюнча абалды бекемдөө керек. Бул ата мекендик өндүрүштөр ээлей турган тармак, ал жакка инвестиция тартуу керек, бул стимулдарды жана жаңы жумуш орундарын түзөт", - деп жыйынтыктады Төлөнбек Абдыров.