Экономика министрлигинде жаңы ABilling төлөм системасы тааныштырылды

Экономика 22 октябрь 2025 10:01
569033883_18071821169343965_8910514567678563263_n.jpg
566944718_18071821193343965_6071081988535523553_n.jpg
568037357_18071821178343965_693038039320255385_n.jpg
568247664_18071821202343965_4612259121022999844_n.jpg
569386838_1153614023526900_3633485205493206089_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигинде мамлекеттик сектор үчүн жаңы төлөм системасы — ABilling тааныштырылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, инновациялык төлөм системасын "Айыл Банк" ААКтын өкүлдөрү тааныштырды.

Аталган система төлөмдөрдү түзүүгө, каттоого жана башкарууга арналган жана уюмдардын кызматтарын QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн да камсыздайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтин карамагындагы түзүмдөр үчүн ABilling системасынын иштөө принциби көрсөтүлүп, анын төлөм процесстерин жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу боюнча жогорку мүмкүнчүлүгү белгиленди.

Белгиленгендей, бул системаны ишке киргизүү мамлекеттик органдар менен жарандардын өз ара аракеттенүүсүн кыйла натыйжалуу кылууга, заманбап санариптик технологияларды колдонуу аркылуу төлөмдөрдү ыңгайлуу, ылдам жана ачык жүргүзүүгө шарт түзөт.