Экономика министрлиги ЮНИДО жана ЮНОПС менен кызматташууну күчөтүүдө

Экономика Загрузка... 06 Август 2025 10:03
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өлкөнүн расмий делегациясынын курамында Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан деңизге чыгуучу жолдору жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун III конференциясына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чаранын алкагында министр Бакыт Сыдыков БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) Глобалдык өнөктөштүк жана тышкы байланыштар директоратынын башкы директорунун орун басары жана аткаруучу директору Фату Хайдаро, ошондой эле Австриядагы БУУнун долбоордук кызматтары башкармалыгынын (ЮНОПС) көп өлкөлүк кеңсесинин директору Симонетта Силигато менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жыйынтыгында кызматташтык мамилелерин чыңдоо жана өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишилди.