Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча атайын сall-борбор ишке кирди.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, аталган борбордун негизги байланыш номери 1292.
"Бул кыска номер аркылуу жарандар күн сайын 08:00дөн 20:00гө чейин түшүнбөгөн суроолор менен кайрыла алышат. Борбор унаа ээлерине жаңы эрежелерди түшүнүүгө жардам берүү үчүн түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
ОСАГО сall-борборунун кыска номерине чалуулар мобилдик оператордун тарифине жараша төлөнөт. Шаардык телефондон – бекер.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда ОСАГО полиси жоктугу үчүн айып пул салына баштайт.