Бишкек, 24.03.25./Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай чөйрөсүндөгү долбоорлорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айгүл Шаршенова Биринчи радионун эфиринде ата мекендик автоунаа сатып алуунун артыкчылыктары тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, «Тулпар Моторс» заводунда чыгарылган унаалар эл аралык сапат стандарттарына жооп берет.
"Бардык компоненттер тиешелүү сапат сертификаттары менен импорттолот», - деп белгиледи ал.
Ошондой эле заводдон автоунаа сатып алуу менен кыргызстандыктар жаңы автоунаанын биринчи ээлери болуп жатканын белгиледи.
«Жаңы машина — жаңылыгын кылат», — деди министрликтин өкүлү.
Мындан тышкары, мамлекет тарабынан салык жана бажы жеңилдиктери берилгендиктен, баа атаандаштыкка жөндөмдүү.
"Эгерде сатып алуу үчүн каражатыңыз жетишсиз болсо, анда сиз минималдуу пайыздык чен жана минималдуу төлөм менен насыя ала аласыз", - деди ал.
Муну менен катар, заводдо сервистик тейлөө бар экенин кошумчалады.
Эске салсак, «Тулпар Моторс» заводунун расмий ачылышы 2024-жылдын 18-июлунда Чүй облусунун Ак-Суу айылында болгон. 2025-жылдын март айында министрлер кабинети Ата мекендик өндүрүштөгү жеңил жана коммерциялык жүк ташуучу унааларга суроо-талапты стимулдаштыруу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Автокредиттерди жеңилдетилген каржылоо – 2” долбоорун ишке ашыруу тартибин бекиткен.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча “Элдик Банк” ААКсына жана “Айыл Банк” ААКсына 47 миллион 100 миң сом бөлүп берүү тапшырылды. Каражаттар жеңилдетилген кредиттерди берүү жана жеңилдетилген каржылоо үчүн банктардын уставдык капиталын көбөйтүүгө багытталган.