Жогорку Кеңештин төрагасы "Тулпар моторс" заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 4361 15 Август 2025 15:10
515435824_786025947207807_6010496858521753446_n.jpg
515438192_786025890541146_7598273106466592320_n.jpg
516383163_786025993874469_7975559897997079507_n.jpg
519426487_786025940541141_3635938916844867203_n.jpg
520282212_786026020541133_7006430988958627581_n.jpg
531432689_786026073874461_8375459162436299395_n.jpg
531612019_786025893874479_3360344909372094_n.jpg
531957048_786026047207797_4207198942747277964_n.jpg
532236764_786026083874460_7191869126099096782_n.jpg
532329308_786026027207799_3980718989645329016_n.jpg
533080864_786025990541136_2846414298099898495_n.jpg
533536640_786026123874456_676071880108438409_n.jpg
533565960_786026050541130_1755608536687341638_n.jpg
533756162_786026113874457_7846535450584404700_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 15.08.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу "Тулпар моторс" унаа чогултуучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин билдиришти.

Унааларды чогултуу этаптарын толук көрүп чыккан төрага: “Кыргызда жылкынын мыктысын тулпар деп атайт. Андыктан “Тулпар моторс” заводу атына заты төп келген мыкты унааларды чыгарып, элибизге кызмат кылат деген ишеничтемин. Ал эми мамлекет мындай өндүрүштүк жайлардын ачылышына артыкчылык берип, ар тараптуу колдоого даяр”, – деди.

Муну менен катар ширеңке өндүрбөгөн Кыргызстан беш жыл ичинде унаа чыгарган кубаттуу мамлекетке айланганын белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу “Ата мекендик өндүрүш алдыга жылмайынча, мамлекетибиздин өнүгүшү кыйын. Ошондуктан, кичине болобу, чоң болобу өзүбүздүн өндүрүштү колдоп, өнүктүрүшүбүз керек. Азыркы шартта жаңы жумуш орундарын түзүү башкы маселе. Жүздөй адамды иш менен камсыздаган бул ишкананын келечеги алдыда. Керектүү шарттарын түзүп берсек, өндүрүшүн көбөйтүп, экспортко чыгуусуна да мүмкүнчүлүк түзүлөт”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, унааларды элге жеңилдетилген шартта сатуу боюнча да тийиштүү иштер алып барылышы керектигин айткан Төрага заводдун жетекчилигин аталган багытта мамлекеттик банктар менен тыгыз иш алып барууга чакырды.

Баарлашуу маалында заводдун жетекчилиги алдыдагы пландары менен бөлүшүп, өндүрүштүк жайды кеңейтүү боюнча беш жылдык план иштелип чыкканын маалымдады. Ага ылайык, кошумча жер аянты керектигин белгиледи.

Төрага коштоп барган президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевге жер маселеси боюнча иш алып барууну табыштады.

Алсак, “Тулпар моторс” заводу 2024-жылы ишке берилип, жылдан жылга өндүрүштүк кубаттуулугу жогорулап келет. Алсак, былтыркы жылдын алгачкы алты айына салыштырмалуу өндүрүштүк кубаттуулугу үч эсеге өсүп, быйыл эле 2 млрд сомдон ашуун көлөмдөгү унаа өндүрүшү жүргүзүлгөн.