Жогорку Кеңештин төрагасы иш сапары менен Португалияга жөнөп кетти

Жогорку Кеңеш 30 июнь 2025 09:14
Жогорку Кеңештин төрагасы иш сапары менен Португалияга жөнөп кетти

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) XXXII жылдык сессиясына катышуу үчүн Португалия мамлекетине жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында төрага аталган эл аралык иш-чарада баяндама жасап, аймактык жана глобалдык маселелерди чечүүдө парламенттик дипломатиянын ролун кеңейтүү боюнча сунуштары менен бөлүшөт.

Андан тышкары бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүүдө.