Экономика министринин орун басары: Жеңил өнөр жайы — өлкөнүн негизги экспорттук тармагы

Экономика Загрузка... 10 Апрель 2025 11:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Жеңил өнөр жайы — Кыргызстандын негизги экспорттук тармагы. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Бишкекте BFTF — Bee Fashion & Textile Forum эл аралык форумунда билдирди.

Министрдин орун басары жеңил өнөр жайы өлкөбүздүн негизги экспорттук тармагы экенин белгилеп, анын 93% кийим-кече буюмдары чет өлкөгө чыгарылып жатканын айтты. "Бүгүнкү көргөзмө тармакты эл аралык аренада өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн маанилүү кадам болуп саналат", - деп билдирди ал өз сөзүндө.

"Кыргыз Экспорт" Мамлекеттик мекемесинин директору Урмат Такиров тигүү тармагындагы ишкерлерди колдоо жана каржылоону камсыздоо боюнча программаны сунуштап, борбордун негизги багыттары: аналитикалык жана консультациялык жардам, "Караван-экспорт" билим берүү программасы жана эл аралык көргөзмөлөргө катышууга көмөк көрсөтүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары, форумда өлкө өндүрүүчүлөрүнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн маанилүү стратегиялык багыт болуп саналган «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасына атайын көңүл бөлүндү.

Форум Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосунда текстиль жана мода тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналды.