Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Экологиянын бузулушунан улам бронхиалдык астма оорусу күчөдү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн башчысы Акылай Маасаидова билдирди.
Анын айтымында, астма - бул өпкөнүн өнөкөт оорусу болуп, дем алуу жолдорунун сезгенишине жана тарышына алып келет. Бул абал дем алуу кыйындашына, көкүрөктүн кысылышына, ышкырык менен коштолгон демге жана жөтөлгө себеп болот.
“Акыркы жылдары Кыргызстанда бронхиалдык астма менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Бул көрүнүш экологиялык шарттардын начарлашына байланыштуу болуп жатат. Экологиянын бузулушу, айрыкча абанын булганышы, бронхиалдык астма оорусунун күчөшүнө себеп болууда. Абадагы зыяндуу заттар, мисалы, өнөр жай калдыктары жана унаалардын түтүнү, дем алуу жолдорун дүүлүктүрүп, астма белгилерин күчөтөт. Мындан сырткары, жеген тамак-аштарыбыз. Мурда астма оорусу улуу адамдарда көп кездешип келсе, азыр астма менен жабыркагандардын арасында жаш балдардын саны да көбөйүүдө. Себеби, балдар кола, чипсы сыяктуу пайдасыз нерселерди жеп жатышат", – деди ал.
Маасаидова ошондой эле бронхиалдык астма менен күрөшүү үчүн экологиялык шарттарды жакшыртуу, абанын сапатын көзөмөлдөө жана калкты туура маалымат менен камсыз кылуу маанилүү экенин белгиледи.
"Астма менен күрөшүүдө алдын алуу чаралары, туура диагноз коюу жана дарылоо ыкмаларын колдонуу абдан маанилүү. Ошондой эле коомчулукка бул оору тууралуу туура маалымат берүү аркылуу, биз анын жайылышын азайта алабыз. Өзгөчө бул учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер жакшы иш алып барышы керек. Өздөрүнүн округундагы асма менен жабырган ар бир жаранды каттоого алышы керек. Аларга мамлекет тарабынан бөлүнгөн ингаляторлорду жана дары-дармектерди жеткирип көзөмөлгө алып турушу керек", – деди ал.