Экологияны жакшыртуу үчүн имараттарды вертикалдуу жашылдандыруу долбоору каралууда

Экология Загрузка... 13 Ноябрь 2025 17:41
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. Борбор калаада экологияны жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган “1000 жашыл дубал” аттуу имараттарды вертикалдуу жашылдандыруу долбоору каралууда. Бул тууралуу MoveGreen экологиялык уюмунун жетекчиси Азат Мурадыл билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте абанын булганышы жана жашыл мейкиндиктердин жетишсиздиги эң курч көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Ал эми имараттарды вертикалдуу жашылдандыруу - бул маселени чечүүнүн натыйжалуу жолу.

“Вертикалдуу жашылдандыруу жайкы ысыкты азайтып, чаң менен күрөшүүгө көмөктөшөт. Эң башкысы — климаттык маселелерди чечүүнү чоң масштабдан эмес, конкреттүү имараттардан, короолордон же көчөлөрдөн баштоого болот”, - деп белгиледи Мурадыл.

Эколог Дмитрий Переяславский белгилегендей, долбоордун артыкчылыктары төмөнкүлөр:

  • Шаардын көрүнүшүн жакшыртуу;
  • Жашоочулардын психологиялык жыргалчылыгына оң таасир тийгизүү;
  • Эски фасаддарды жана өнөр жай имараттарын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү.