Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Экологиялык жактан таза жылытуу системаларына жеңилдетилген насыя берүү боюнча пилоттук долбоор келечекте Кыргызстандын бардык аймактарына жайылтылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Финансы министрлигинин Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева билдирди.
Анын айтымында, учурда Финансы министрлиги менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” мамлекеттик долбоору Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда гана иштеп жатат.

“Пилоттук долбоорго Бишкек шаарынын, Сокулук жана Аламүдүн райондорунун жашоочулары гана катышууда. Эгерде долбоордун жыйынтыгы ийгиликтүү болуп, бенефициарлар жакшы пикирлерин билдиришсе, аны өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу пландалууда”, — деди Мусакожоева.
Ал белгилегендей, долбоордун алкагында пилоттук аймактардын тургундары заманбап жылытуу системаларын сатып алууга жана орнотууга жеңилдетилген насыя ала алышат. Калк үчүн насыянын максималдуу суммасы 1 млн сомду түзүп, мөөнөтү 5 жылга чейин, үстөк пайызы жылына 6%дан башталат.
Ал эми жабдууларды жеткирүүчү компаниялар үчүн 5 млн сомго чейинки насыялар каралган. Алар жылдык 10% үстөк менен берилет. Алынган каражаттарды жылуулук насосторун, электр казандарын, инфра кызыл керамикалык жылыткычтарды, күндүн жылуулук системаларын жана башка энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алууга колдонууга болот.
Финансы министрлигинин өкүлүнүн маалыматына ылайык, жеңилдетилген насыя берүү программасын ишке ашырууга 32 млн доллар бөлүнгөн.
“Эгерде суроо-талап жогоруласа, Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банк кошумча каржылоо маселесин карап чыгышы мүмкүн”, - деди ал.
Мусакожоева билдиргендей, учурда долбоордун алкагында жеңилдетилген 11 насыя берилди.
“Жылдын аягына чейин каржылоо ала турган үй-бүлөлөрдүн саны бул насыяга болгон суроо-талапка, ошондой эле коммерциялык банктардын арыздарды кароо жана жактыруу ылдамдыгына жараша болот”, - деп Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмүнүн директору.
Белгилей кетсек, “Абанын сапатын жакшыртуу” долбоору заманбап энергияны үнөмдөөчү жылытуу технологияларын киргизүү жана экологиялык таза энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүү аркылуу атмосфералык абанын булганышын азайтууга багытталган.