Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Социалдык тармактарда Ысык-Ата районунун Нурманбетов айыл аймагында мыйзамсыз төгүлгөн таштандылар боюнча жарыяланган маалыматтан кийин текшерүү жүрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жеринде иликтөө жүргүздү.
Натыйжада аныкталган мыйзам бузуу фактысы боюнча Нурманбет айыл өкмөтүнө протокол түзүлүп, 17 миң сом өлчөмүндө айып пул чегерилди.
Учурда аталган аймакты таштандылардан тазалоо иштери "Нурманбет-Биримдик" муниципалдык ишканасы тарабынан кызуу жүргүзүлүүдө.
Министрлик жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга жана экологиялык эрежелерди так сактоого чакырат.