Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоо жана калктын экологиялык маданиятын калыптандыруу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин подкастында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев билдирди.
Анын айтымында, жарандардын жаратылышка болгон мамилеси бара-бара жакшы тарапка өзгөрүүдө. Буга социалдык тармактарда экологиялык маалыматтардын кеңири таралышы жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоону жайылтууга салым кошкондордун ишмердүүлүгү да өбөлгө түзүүдө.
Ошол эле учурда министр жаратылышка терс таасирин тийгизген терс учурлар дагы деле кездешип жатканын белгиледи.
Ал ведомство тарабынан мектеп курагынан баштап калк арасында туруктуу негизде маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Билим берүү мекемелеринде балдардын жана жаштардын экологиялык жоопкерчилигин калыптандырууга багытталган иш-чаралар өткөрүлүүдө. Мындай аракеттер президент Садыр Жапаровдун тиешелүү тапшырмаларынын алкагында жүзөгө ашырылып жатат.
Акыл Токтобаев өзүнчө мисал катары Ысык-Көлдү тазалоо иш-чараларын келтирди. Анын алкагында көлдүн түбүнөн балык уулоочу торлор жана турмуш-тиричилик таштандылары үзгүлтүксүз чыгарылып турат. Министрдин айтымында, бул иштер Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин катышуусу менен аткарылууда.
Мындан тышкары, министр өлкөдө жайыт жерлерине зыян келтирген мототехникаларды колдонууга чектөө киргизүү боюнча чечим кабыл алынганын билдирди. Учурда бул тиешелүү ченемдер иш жүзүндө ишке ашырыла баштады.
Ведомство башчысы көрүлүп жаткан бардык чаралар жаратылыш ресурстарын сактоого жана өлкөдөгү экологиялык жүктөмдү азайтууга багытталганын белгиледи.