Экологиялык кризис: Адамзат климаттын өзгөрүшүнө кантип ыңгайлаша алат?

Экология Загрузка... 03 Июль 2026 17:40
7fe89a65-8a82-4d9a-b7e1-c8db487a764b.png

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Аба ырайынын өзгөрүшү учурдун эң маанилүү көйгөйүнө айланды. Климат жыйырма жыл мурун илимий чөйрөдө гана талкууланса, бүгүн адамзат аны жон териси менен сезип жатат. Өзгөрүү кайсы чекке жетип токторун эч ким айта албайт. Эксперттер аптаптуу ысык улам күчтөнүп кайталанарын, аба ырайынын өзгөрүшү жаратылыш кырсыктарын көбөйтөрүн бир ооздон эскертишүүдө. Адамзаттын мындай экологиялык жаңы шарттарга көнүп жашоодон башка чарасы жок.

Глобалдык климаттын өзгөрүү ыргагы күчөгөн 2026-жыл бул багытта тезинен чара көрүү зарылчылыгын биринчи орунга чыгарды. Табияттын өзгөрүү шартында коопсуз жана тынч жашоону узакка камсыздай турган чаралар буга чейин эле иштелип чыгып, ийгиликтүү колдонулуп келет. Кеп климаттык жаңы технологияларды тиричиликке киргизүүнү тездетүү жөнүндө болууда. Анткени дүйнө мамлекеттери жаңы климатка ыңгайлашууга жетишпей жатышат. Климаттын глобалдык өзгөрүүсүн жеңүү жана ага ыңгайлашып жашоо боюнча дүйнө бир катар технологиялык, экономикалык жана саясий чечимдерди демилгелеп келет. Алардын негизгиси — кырсыктарды эрте кабарлоо системаларын өнүктүрүү. Бороон-чапкындарды, суу ташкындарды жана аптаптуу ысыкты алдын ала билүү үчүн метеорологиялык спутниктердин жана жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү колдонулушу керек. Жаңы технологиялар элди өз убагында эвакуациялоого мүмкүндүк берип, миңдеген өмүрлөрдү сактайт жана экономикалык чыгашаларды азайтат.

Климатка көнүүгө жардам берген чаралардын катарында азык-түлүк менен камсыз кылуу жана айыл чарбасын климатка шайкеш жүргүзүү турат. Анткени экологиялык каатчылык азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүнө түздөн-түз коркунуч келтирет. Кургакчылык же ашкере жаанчыл аба ырайы чарбалык жерлердин аянтын, түшүмдүүлүгүн, керек болсо жарамдуулугун өзгөртүүдө. Селекционерлер жана генетиктер буудай, шалы, жүгөрү баштаган өсүмдүктөрдүн кургакка, ысыкка, шорго чыдамдуу түрлөрүн ойлоп табууга мажбур болууда.

Климаттык соккуга туруштук берүү, тоолуу региондорду климаттык шарттарга карата туруктуу өнүктүрүү боюнча Борбор Азия аз да болсо тажрыйба топтоду. Аймак тамчылатып сугаруу, тоо арасында кичи ГЭСтерди куруу, мөңгүлөрдүн эрүүсүн көзөмөлдөө, суу ресурстарын туура пайдалануу аракетинде. Түркмөнстан суу чогултуу үчүн Алтын Асыр жасалма көлүн куруп жатат.

Ал эми Кыргызстан "жашыл" энергетиканы колго алууда. Күн жана шамалдан электр кубаттуулугун алуу климаттык адаптациялык программалардын эң ириси десе болот. Булар салттуу ГЭСтердей генерация үчүн сууну көп керектебейт, локалдуу болгондуктан кырсык учурунда кесепети жеңил болот.

Белгилей кетсек, биздин өлкө тоолуу региондорду климатка ылайыкташтырып туруктуу өнүктүрүү демилгесин дүйнөлүк деңгээлде көтөрүп келет. Президент Садыр Жапаровдун сунушу менен БУУнун алкагында Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы (2023-2027-жж.) кабыл алынган.

WhatsApp Image 2026-07-03 at 17.28.59

Климаттык демилгелерди Кыргызстан өзү мүчөлүк кылган ШКУнун алкагында да илгерилетүүдө. Бишкекте өткөн ШКУнун академиктеринин жашыл энергетика боюнча 3-форумунда Кытайдын Сиань Цзяотонг университетинин президенти Чжан Лицюнь региондун климаттык шарттардагы изденүүсү сөзгө аларлык экенин белгиледи.

"Борбор Азия өлкөлөрү туруктуу өнүгүүнүн жолдорун жигердүү издөөдө жана алар үчүн таза энергетикалык келечек башкы артыкчылык болуп саналат. ШКУ өлкөлөрү энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө жана заманбап экологиялык технологияларды ишке ашырууга абдан кызыкдар. Биздин форум окумуштуулардын жана эксперттердин күч-аракетин бириктирүүгө идеалдуу мүмкүнчүлүк берет. Биз бул жерде ачып жаткан биргелешкен изилдөө жана инновациялык алмашуу эбегейсиз практикалык пайдаларды берип, бүтүндөй аймак үчүн экологияны жана энергетиканы өнүктүрүүгө түрткү берерине ишенем", — деди кытайлык окумуштуу Чжан Лицюнь.

Эң жөнөкөй жана колдон келе турган чараларды коңшу Кытай ишке ашырууда. Отуздан ашык ири шаары сиңирүү ыкмасын эске алуу менен асфальттын ордуна борпоң жолго артыкчылык берүүдө. Көчөлөрдө жамгыр бакчалары, жер астындагы суу сактагычтар, жасалма саздар түзүлүп, жаан суусу чыпкаланууда. Алар кайра талаа жана техникалык иштерге сарпталууда.

Кургакчылык өкүм сүргөн Израил агынды суулардын дээрлик бардыгын чыпкалап, айыл чарбасына пайдаланып жатат. Нидерландда дарыялардын жээгиндеги тосмолор алынып, суу кургактыкка кое берилген. Натыйжада суу ташкын аймактары көзөмөлдө турат. Ал эми жаратылыш кырсыктарынан көп жабыркаган Бангладеште сууда калкыма фермалар популярдуу. Ошондой эле миңдеген баш калкалоочу жайлардын курулушу бороон-чапкындын курмандыктарынын санын жүздөгөн эсеге кыскартты.

Бул арада Африканын жыйырмадан ашык өлкөсү континентте жашыл бактарды көбөйтүү аракетинде. Бул чара кургакчылыкка ыңгайлашуу болуп саналат. Бак-дарактар шамалды тосот, жерде жана абада нымдуулукту сактап, айыл чарбасы үчүн мүмкүнчүлүк түзөт.

Адаптациялык чаралардын эң башкы себеби — адам өмүрүн сактоо жана коопсуздугун камсыздоо. Ошол эле учурда адамдар да коопсуздукка мамилени өзгөртүп, жоопкерчиликти сезиши керек. Анткени климатка ыңгайлашуу чаралары ар бирибизге тийиштүү жана ал эң жөнөкөйдөн башталат. Мисалы: суудан, кырсыктан коопсуз жайда жашоо, ден соолукту чыңдоо, аба ырайынан маалымдуу болуу, айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө жана тиричиликте жашыл чечимдерди пайдалануу.

WhatsApp Image 2026-07-03 at 17.29.51
"Мисалы, бизде микрогенерация деген өзүнчө багыт бар. Эл өзү жашаган турак жайлардын чатырына күн панелдерин орнотуу менен электр энергиясына болгон муктаждыгын калыптандырып, ашкан энергияны биздин улуттук электротутумдарыбызга сатуу боюнча программабыз бар. Өткөн жумада ШКУнун алкагында энергетикалык ири жарманке өттү. Анда ата мекендик 100гө жакын компания өзүнүн климаттык технологияларын, жарак-жабдыктарын көрсөтүштү. Бул тармак бизде жакшы өнүккөн. Жабдыктар менен иштеген адистерибиз да бар. Региондун жашоочуларынын буйрутмаларын аткарып келишет. Негизи климаттык чечимдерди колдонууга эл көнүп келе жатат. Элге электр энергиясынын туруктуу болушу маанилүү жана бул микрогенерация чаралары туруктуулукка болгон кадам", — деди энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов.

Негизги жагдай — жаратылыш кырсыктары жана аба ырайынын өзгөрүшү чек араны билбейт. Бир эле учурда бир нече континентти камтып жатат. Андыктан тобокелдиктерге жооптор өз-өзүнчө эмес, биргеликте болуусу керек. Бир да өлкө маселени өз алдынча чече албай турганы, уюшуп чара көрүү, чакан экономикаларга каржылык көмөк көрсөтүү менен кесепеттерди жумшартса болорун үстүбүздөгү жыл дагы бир жолу далилдеди. Бүтпөс сүйлөшүүлөрдөн реалдуу кадамдарга өтүү зарылчылыгын Кыргызстан "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитинде көтөргөнү турат. Эл аралык кеңешмени өткөрүү БУУ тарабынан 2027-жылга белгиленген.