Стратегиялык демилгелер институту ишкердикти өнүктүрүүчү матрица сунуштады

Экология 22 сентябрь 2026 11:25
WhatsApp Image 2026-09-22 at 10.33.46.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 10.33.54.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-22 at 10.33.46.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 10.33.54.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Кыргызстанда чакан жана орто ишкерлердин болжол менен 60-65 пайызы бизнеске аргасыздыктан кирип, негизинен кирешеси төмөн иштер менен алектенет. Бул тууралуу Стратегиялык демилгелер институтунун директору Адилбек Шумкарбек уулу “Кыргызстандын ишкердик потенциалы: мамлекеттик колдоо жана өсүү чекиттери” аттуу илимий-практикалык конференцияда билдирди.

Анын айтымында, институтта ишкердик потенциалды аныктоого жана аны туура багытта өнүктүрүүгө жардам бере турган атайын матрица иштелип чыккан. Анда адамдардын ишкердикке кандай себеп менен келгенине жана өз мүмкүнчүлүгүн канчалык пайдалана алганына көңүл бурулат.

“Ар бир адамда ишкер болуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок аны баары эле ишке ашыра бербейт. Айрымдар үй-бүлөсүн багуу үчүн аргасыздан бизнеске кирсе, башкалары түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, өз бизнесин өнүктүрөт”, — деди ал.

Ал белгилегендей, матрица төрт квадранттан турат. Q1 тобуна ишкердик потенциалы бар, бирок аны азырынча ишке ашыра элек адамдар кирет. Алардын арасында жумушсуздар, өзүн-өзү иш менен камсыз кылгандар, миграциядан кайтып келгендер жана ишкерликке кирүү үчүн жетиштүү билими же көндүмү жок адамдар болушу мүмкүн.

“Q3 квадрантына зарылчылыктан улам ишкерликке келгендер кирет. Алар көбүнчө жашоо үчүн өзүн-өзү иш менен камсыз кылып, жүк ташуу, ар кандай кызмат көрсөтүү, соода сыяктуу төмөн кошумча нарктуу иштер менен алектенишет. Эксперттин баамында, өлкөдөгү чакан жана орто ишкерлердин 60-65 пайызы ушул топко кирет.

Ал эми Q2 тобунда жетиштүү билимге, тажрыйбага жана көндүмгө ээ болгону менен, азырынча өз алдынча бизнес баштабаган жогорку квалификациялуу адистер жана менеджерлер каралат. Q4 квадранты болсо түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, өз потенциалын толук ишке ашырган, жогорку кошумча нарктуу жана экспортко багытталган компанияларды камтыйт.

Мамлекеттик саясаттын максаты адамдарды Q1ден дароо Q3кө өткөрүү эмес, алардын билимин жана көндүмдөрүн жогорулатып, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга даярдоо болушу керек. Мисалы, өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк болсо, адамдарды ушул тармакка даярдоо зарыл. Агропереработка үчүн мүмкүнчүлүк болсо, тиешелүү компетенцияларды жогорулатуу керек”, — дейт директор.

Ошондой эле институт мамлекеттик колдоону Q2ден Q4кө жана Q3төн Q4кө өтүүгө багыттоо зарылдыгын белгилейт. Анын пикиринде, IT, программалык камсыздоо жана аппараттык технологиялар сыяктуу тармактарда жогорку квалификациялуу адистердин өз бизнесин баштоосуна шарт түзүү маанилүү.

“Q3төн Q4кө өтүү — бул компаниянын эволюциялык өсүшү. Азыр бизде айрым чакан жана орто ишканалар жеңилдетилген каржылоону алып, ошол эле деңгээлде калып жатканын көрүп жатабыз. Мамлекеттик колдоо ишкерди кийинки баскычка чыгарууга багытталышы керек”, — деди Адилбек Шумкарбек уулу.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында Ишкерлер күнүнө карата “Кыргызстандын ишкердик потенциалы: мамлекеттик колдоо жана өсүү чекиттери” аттуу илимий-практикалык конференциясы өтүүдө. Иш-чара учурда пленардык отурумдар менен уланып жатат.