Акенеев: Кыргызстанда экономика өсүп, бирок эмгек өндүрүмдүүлүгү артта калууда

Коом 22 сентябрь 2026 12:25
Акенеев: Кыргызстанда экономика өсүп, бирок эмгек өндүрүмдүүлүгү артта калууда
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Кыргызстанда акыркы беш жылда экономика орточо 10 пайыздан ашык өсүп, дээрлик эки эсеге көбөйдү. Бирок эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү бул көрсөткүчкө жетпей жатат. Бул тууралуу Стратегиялык демилгелер институтунун экономикалык маселелер бөлүмүнүн башкы эксперти Азамат Акенеев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда эмгек өндүрүмдүүлүгү акыркы беш жылда орточо 5-6 пайызга гана өскөн. Натыйжада экономикалык өсүш менен эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн ортосундагы айырма кеңейүүдө.

“Кыргызстан эмгек өндүрүмдүүлүгү боюнча Борбор Азияда жана КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бирине ээ. Мисалы, Өзбекстанга салыштырмалуу бир жумушчу өндүргөн көлөм болжол менен 1,5 эсеге аз”, — деди эксперт.

Ал экономиканын өсүшү негизинен өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана жаңы технологияларды киргизүү аркылуу камсыздалышы керектигин белгиледи. Бирок Кыргызстанда жумушчулардын басымдуу бөлүгү соода, айыл чарба, кызмат көрсөтүү жана курулуш сыяктуу өндүрүмдүүлүгү салыштырмалуу төмөн тармактарда иштейт.

“Экономикада акча көбөйүп, бирок товар өндүрүү жетиштүү деңгээлде өспөсө, баалар жогорулайт. Мындан тышкары, өндүрүштүн чыгымы көбөйүп, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөндөйт”, — деди Акенеев.

Эксперттин маалыматына караганда, ишканалардын инновацияга болгон кызыгуусу да төмөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, инновациялык ишмердүүлүккө инвестиция салган ишканалардын үлүшү 4 пайызга да жетпейт.

Мындан тышкары, Стратегиялык демилгелер институту жүргүзгөн 60ка жакын ишкананын сурамжылоосунда компаниялардын 70 пайызга жакыны суроо-талап көбөйгөндө өндүрүштү модернизациялоонун ордуна жаңы жумушчуларды жалдоо аркылуу кеңейүүгө аракет кыларын көрсөткөн.

Акенеев мындай ыкма экономиканын экстенсивдүү өсүшүнө алып келип, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга тоскоол болорун белгиледи.