Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Кыргызстандагы экономикалык өсүш азырынча экстенсивдүү мүнөздө болууда. Өлкө туруктуу өнүгүүгө өтүшү үчүн өндүрүштүн натыйжалуулугун жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга басым жасоо зарыл. Бул тууралуу Стратегиялык демилгелер институтунун экономикалык маселелер бөлүмүнүн башкы эксперти Азамат Акенеев билдирди.
Анын айтымында, экономикалык өсүш узак мөөнөттүү жана туруктуу болушу үчүн мамлекет тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүшү керек. Эксперт эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Улуттук программаны иштеп чыгууну сунуштады.
Акенеев Кыргызстан келечекте туруктуу өнүгүү траекториясына өтүп, экономиканын түзүмүн жакшыртууга жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багыт алышы керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында Ишкерлер күнүнө карата “Кыргызстандын ишкердик потенциалы: мамлекеттик колдоо жана өсүү чекиттери” аттуу илимий-практикалык конференциясы өттү.