Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Экологиялык коопсуздукту бир гана соттор же мамлекеттик органдар өз алдынча чече албайт, бул багытта биргелешип аракеттенүү, комплекстүү чечимдерди кабыл алуу зарыл. Бул тууралуу Кыргызстандын Судьялар ассоциациясынын эксперти Алмаз Касымбеков "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө бардык тараптардын биргелешкен аракеттери маанилүү.
“Учурда бул маселелерге жогорку деңгээлде көңүл бурулууда. Мисалы, президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынында Ысык-Көлдү сактоо маселесин эл аралык коомчулуктун көңүлүнө алып чыккан. Ысык-Көл — жөн гана кооз көл эмес, ал бизге жумуш орундарын түзүп, туризмди өнүктүрүүгө жана башка көптөгөн маселелерди чечүүгө жардам берген табияттын чоң белеги. Бүгүнкү күндө экологиялык маселелер жөн гана укуктук эмес, экономикалык жана социалдык мааниге да ээ болууда", — деди эксперт.
Касымбеков белгилегендей, экологиялык сот адилеттүүлүгү жарандардын таза абага, сууларга, көлдөргө, жайлоолорго жана токойлорго болгон укуктарын камсыз кылууну, ошондой эле жаратылышты келечек муундар үчүн таза сактоону билдирет.
Ал экологиялык сот адилеттүүлүгүнө багытталган бүгүнкү судьялардын IV жылдык конференциясынын негизги максаты жарандардын конституциялык укуктарын коргоо, коопсуз айлана-чөйрөдө жашоо укугун камсыз кылуу жана эл аралык стандарттарды улуттук шарттарга ылайык ишке ашыруу экенин белгиледи.
Ошондой эле эксперт Кыргызстандын тоолуу өлкө катары глобалдык климаттын өзгөрүшүнө өтө аярлуу экенин белгилеп, климаттык өзгөрүүлөр айыл чарбасына, суу чарбасына жана башка тармактарга терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.