Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык көзөмөл департаменти Ысык-Көлдүн пансионаттарынын жээгиндеги пляждардан суунун курамынын үлгүлөрдү алды.
Департаменттин директорунун орун басары Мамбетим Сагынбек уулу билдиргендей, адистер көлдүн акваториясындагы суунун сапатын текшерип жатышат.

Анын айтымында, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколдор даярдалып, андан аркы иш алып баруу үчүн ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүлүп берилет.
Белгилей кетсек, суунун курамынан мындай үлгүлөрдү алуу ар бир үч ай сайын өткөрүлүп турат.