Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экологиялык коопсуздук боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу курсун баштады.
Ведомствонун маалыматына караганда, министрликтин Тармактар аралык окуу борборунда өтүп жаткан окууга борбордук аппараттын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн, ошондой эле өндүрүштүк ишканалардын 25 адиси катышууда.
Курста айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, өндүрүштүн экологияга терс таасирин азайтуу жана экологиялык мыйзам талаптарын иш жүзүндө колдонуу маселелери каралат.
Окуу теориялык билим менен катар практикалык көндүмдөрдү камтыйт. Курсту ийгиликтүү аяктаган адистерге квалификацияны жогорулатуу сертификаттары берилет.
Министрлик жыл аягына чейин тиешелүү кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну пландап жатат.