Бишкек, 16.06.26 /Кабар/. Кыргызстанда өтө турган UIM F1H2O суу-мотордук Формула-1 дүйнө чемпионатынын Ысык-Көл акваториясына тийгизе турган таасири көз карандысыз жана мамлекеттик экологиялык экспертизалар аркылуу бааланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, мындай деңгээлдеги эл аралык спорттук иш-чаралар үчүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо талап кылынбайт. Ошентсе да коомчулукта жаралган суроолорду эске алуу менен кошумча экологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
“UIM F1H2O сыяктуу жогорку деңгээлдеги мелдештер үчүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо талап кылынбайт. Бирок көз карандысыз уюмдар жана мамлекеттик мекемелер тарабынан экологиялык экспертиза жүргүздүк. Биз муну экологиялык темаларга байланышкан чочулоолордон улам жасадык”, - деди Кубатов.
Анын белгилешинче, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча чемпионаттын Ысык-Көлдүн экосистемасына олуттуу терс таасир тийгизбей турганы аныкталган.
Белгилей кетсек, Формула-1 дүйнө чемпионатынын этабы 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көл районундагы Бает айылында өтөт. Мелдешке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 25 спортчу катышары күтүлүүдө. Жарыш түз эфирде 100 өлкөгө көрсөтүлүп, Кыргызстан менен Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөлүк аудиторияга таанытууга өбөлгө түзөт.