Азия оюндары: Балбан Асан Жанышов күмүш медалга татыды

Спорт 30 сентябрь 2026 16:30
Азия оюндары: Балбан Асан Жанышов күмүш медалга татыды
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында күмүш медалга татыды.

87 кг чейинки салмакта күч сынашкан кыргызстандык балбан чейрек финалда Өзбекстандын өкүлү Жалгас Бердимуротовду 4:0 эсебинде, жарым финалда Казакстандын балбаны Шамил Ожаевди 6:1 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган.

Финалдык беттеште Асан Жанышов Япониянын өкүлү Тайзо Ёшида менен күрөшүп, тилекке каршы 1:11 эсебинде утулуп калды.