Экологиялык демилге: Ысык-Көлгө Тянь-Шань карагайынын 20 миңдей көчөтү отургузулду

Экология 19 Май 2025 12:44
photo_52854609.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_52830783.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_52854609_sYXBeeI.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_52854609_4TvY0SH.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_52854609_cYJGqWk.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_52854609_2RyzhEN.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_52854609_OiCxYXe.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_52854609_gCAFiez.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_52853261.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_52854609_O0olmZe.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_52854609_RtSW4U5.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_52854609_Dn1Flod.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
photo_52854609_thiIzDf.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Григорьев капчыгайында экологиялык акция уюштурулду. Анын алкагында 19 миң 500 Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү отургузулду. Демилге "Кумтөр Голд Компани” ишканасынын колдоосу менен уюштурулуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүн, экологдорду жана активисттерди бириктирди.

Катышуучулардын биргелешкен аракети менен бак-дарак гана отургузулбастан, келечектеги жашыл аймактын пайдубалы түптөлдү, убакыттын өтүшү менен ал жер капчыгайдын жана анын айланасынын жаратылышын табигый коргоого айланат.

“Кумтөр Голд Компанинин” директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов белгилегендей, компаниянын кызматкерлери ар кандай дарактардын көчөттөрүн отургузуу боюнча мындай масштабдуу иш-чараларга биринчи жолу катышып жаткан жок.

photo_52830783.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

“Өткөн жылы Каркыра жайлоосунда 300 гектар аянтка 332 400 түп кайың, кызыл карагай жана Тянь-Шань карагайынын көчөтү отургузулган. Бир жыл мурда компаниянын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылына Тянь-Шань карагайынын көчөттөрүн отургузууга катышкан. Бүгүн “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында эң кооз жерлердин бири болгон Григорьев капчыгайында 10 гектар аянтка 19 миң түп карагай отургузулду. Эми бардык көчөттөр тамыр алып, көпчүлүк сүйгөн эс алуучу жана ар кандай этнофестивалдарды, мелдештерди өткөрүүгө жагымдуу жайга айланат деп ишенем”- деди ал.

Мындан тышкары Болотбек Идирисов өлкө боюнча токой аянттарын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

photo_52854609_OiCxYXe.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

“Токойлор топурактын эрозиясына бөгөт коет, жер көчкү жана сел сыяктуу жыл сайын олуттуу зыян келтирүүчү табигый кырсыктардын санын кыскартууга көмөктөшөт. Токой аянттарынын көбөйүшү өлкөнүн биоэкономикасына да чоң салым кошору маанилүү. Көмүр кычкыл газын иштеп чыгуудан тышкары, токой массивдеринде ар дайым гүлдөр жана ар кандай чөптөр көп болот, бул өзүнүн даамдык жана дарылык касиеттери боюнча уникалдуу кыргыз тоо балын жыл сайын чогулткан биздин балчылар үчүн маанилүү”, – деп белгиледи компаниянын директорлор кеңешинин башчысы.

Бийик тоолуу регионго бак-дарактарды отургузуу жөн гана символикалык иш эмес. Бул Ысык-Көл облусунун табияты туш болгон реалдуу чакырыктарга, анын ичинде токойдун азайышы, кыртыштын эрозиясынын күчөшү жана климаттын өзгөрүшүнө экосистемалардын алсыздыгына жооп болуп саналат. Бул жагдайда Тянь-Шань карагайы аймактын экологиялык калканчын бекемдөөгө жөндөмдүү негизги түрлөрдүн бири катары эсептелет. Ал нымдуулукту сактоодо, абаны тазалоодо, жер көчкү коркунучун азайтууда жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо маанилүү роль ойнойт.

Уюштуруучулардын айтымында, Григорьев капчыгайындагы иш-чара Ысык-Көл облусундагы токойлорду калыбына келтирүү боюнча кеңири программанын башталышы гана. Өлкөнүн негизги жаратылыш байлыктарынын бири болгон аймак дайыма коргоого муктаж. Жеке компаниялардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү коомчулуктардын катышуусу менен экологиялык долбоорлор бул иштин маанилүү бөлүгүнө айланууда.

photo_52854609_gCAFiez.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Отургузулган бак-дарактар жакынкы жылдары тамыр жайып, экологиялык милдетин аткара башташы күтүлүүдө. Бул сыяктуу демилгелер курчап турган чөйрөнү коргоо милдети гана эмес, адамдардын жалпы келечек үчүн биригүү мүмкүнчүлүгү экенин көрсөтүп турат.