Экологиялык акция. Бишкекте эң көп батарейка чогулткан 3 мектепке балдар аянтчасы же воркаут курулат

Коом 5 июнь 2025 09:38
503640252_1148814167294436_2341394042290016711_n.jpg
503854613_1148814223961097_2816844305067661943_n.jpg
503682319_1148814027294450_970339792045327303_n.jpg
503871735_1148814053961114_6258274697220207440_n.jpg
503780406_1148814050627781_8909201033412934122_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек 05.06.25 /Кабар/. Бишкек шаарындагы мектептерде колдонулган батарейкаларды чогултуу боюнча экологиялык акция аяктады.

Мэриядан билдиришкендей, акция 15-апрелден 31-майга чейин өтүп, Бишкек шаарынын мэриясы, "Сенин Зарядың" компаниясы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы жана борбор калаанын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан уюштурулду.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы борбор калаанын 64 мектебине колдонулган батарейкаларды чогултуу үчүн атайын челектерди орноткон.

Белгиленгендей, бүгүн, 5-июнда Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата эң көп батарейка чогулткан 3 мектеп жеңүүчү деп жарыяланып, аларга заманбап балдар аянтчалары же воркаут курулат.

Долбоорлор өнөктөштөрдүн, о.э. BRK GROUP, LEVEL CONSTRUCTION жана PARTNER GROUP курулуш компанияларынын колдоосу жана каржылоосунун аркасында ишке ашырылууда.