Тоңдо чет элдик жумушчулар арасында түшүндүрүү иштери жүрдү

Аймак Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 11:05
751112112_1331571135822269_7251825727505936556_n.jpg
749355512_1331571112488938_4047928814011196339_n.jpg
749535328_1331571115822271_1924836497335909230_n.jpg
751001632_1331571082488941_7860644123041997031_n.jpg
751303530_1331571075822275_607599411752689289_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ысык-Көл ОИИБ

Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Тоң районунда милиция кызматкерлери аймакта эмгектенген чет элдик жарандарга мыйзамдуулукту жана экологиялык жоопкерчиликти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоо жана коомдук жайларда өзүн туура алып жүрүү талаптары эскертилди.

Ошондой эле жергиликтүү калк менен сый мамиледе болуунун жана укуктук маданиятты жогорулатуунун мааниси белгиленип, жаратылыш байлыктарын коргоо, айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө жана экологиялык нормаларды сактоо керектиги түшүндүрүлдү.

Мындай профилактикалык чаралар аймактагы коомдук коопсуздукту чыңдоого жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган.