Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак Бишкек шаарынын эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандын жашыл мүлкү. Бул тууралуу “Жашыл энергетика” коомдук фондунун төрайымы, эколог Анара Султангазиева “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бул Ботаникалык бактын экологиялык жактан шаар үчүн мааниси жана функциясы өтө чоң.

"Биринчиден бул бакта сейрек кездешкен жана жоголуп бараткан өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого шарт түзүлгөн. Бул жергиликтүү жана чет өлкөлүк флоранын генетикалык фондун коргоого жардам берет. Ал эми Ботаникалык бакта өзүнүн ишин мыкты билген, кесибин сүйгөн адистер эмгектенишет. Башкача айтканда, бак флорист, ботаник жана биолог адистерди даярдаган мектеп болуп саналат.
Экинчиден, бул бак биздин башкы көйгөй болгон абанын сапатын жакшыртууда маанилүү. Бакчадагы көп сандаган дарактар жана өсүмдүктөр көмүр кычкыл газын сиңирип, кычкылтек бөлүп чыгарат. Натыйжада шаардагы абанын булгануусун азайтат. Мындан тышкары абаны нымдайт, чаңды өзүнө тартып алып абаны салкындатат, топуракты жумшартып, нымдап эрозиядан сактайт жана анын структурасын жакшыртат. Бак-дарактардын, өзгөчө жалпак жалбырактуу түрлөрүнүн айлана-чөйрөгө жана адамдарга тизгийген пайдасы көп. Бирок, тилекке каршы, көбүнчө адамдар аны билбейт жана туйбайт”, - деди Султангазиева.

Мындан тышкары, эколог Ботаникалык бактын шаардын микроклиматын жөнгө салууда функциясы жогору экендигин баса белгиледи.
"Жашыл аймак катары Ботаникалык бак абанын температурасын төмөндөтүп, нымдуулукту тең салмакта кармап турат. Бул өзгөчө жай мезгилинде Бишкек үчүн маанилүү. Ботаникалык бак окумуштуулар үчүн өсүмдүктөрдү изилдөө, климатка ылайыкташтыруу жана экологиялык мониторинг жүргүзүүчү аянтча катары колдонулат. Илимий изилдөөлөр үчүн база катары бак өтө маанилүү. Экологиялык билим берүү багытында окуучуларга, студенттерге жана шаар тургундарына жаратылышты коргоонун маанисин түшүндүрүү функциясын аткарат. Ботаникалык бактын дагы бир рекреациялык негизги мааниси шаар тургундары үчүн эс алуу жайы болуп, адамдын психологиялык жана физикалык саламаттыгына оң таасирин тийгизет”, - деди ал.

Ботаникалык бактын жетекчисинин орун басары Нурлан Албанов “Кабар” маалымат агенттигине Бишкектеги 147 гектар жер аянтын ээлеген Ботаникалык бакта бүгүнкү күндө 6 миңден ашык өсүмдүктүн түрлөрү өстүрүлөрүн билдирди.
“Учурда Ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясына тиешелүү илимий изилдөө институту деп аталат. Мында дүйнө жүзүндөгү өсүмдүктөрдүн түрлөрү өстүрүлүп, интродукциялоо жана акклиматизациялоо максатында иштер жүргүзүлөт. Негизинен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган бакта өсүмдүктөрдүн 6 миңден ашык түрү бар. Ага мөмө дарактуу бактар, бадалдар, декаративдүү бактар, гүлдөр жана башкалар кирет”,- деди Албанов.

Ал ошондой эле талкууланып жаткан футбол аянтчасы көчөт өстүрүүгө ыңгайы жок бактагы таштак жерге курулуп жатканын маалымдады.
“Футбол аянтчалары курулуп жаткан 10 сотыхтан ашык жерге 20 жылдан бери көчөт тигилгени менен өспөй келет. Ошондуктан ал жерди туура пайдалануу чечими кабыл алынган. Негизи ал жердин катмары жок болгондуктан, азыркы жүрүп жаткан курулуштар толугу менен таштын үстүнө курулуп жатат. Реконструкциялык иштердин баары президентибиздин карамагында президенттин Иш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Алгач иш башталганда эле эки тарап кеңешип, долбоордун эскиздик варианты даярдалган”,- деди Албанов.

Маалымдалгандай, 1938-жылы негизделген Ботаникалык бак институтунун жалпы аянты 151 гектарды түзөт. Анын 127 гектарга жакыны И. Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектары М.Горький көчөсүндө, ал эми 4 гектары Нарында жайгашкан.

Жыйынтыктап айтсак, Бишкектеги бул Ботаникалык бак – шаар экологиясын сактоочу, жакшыртуучу жана келечек муундарга жаратылышты таанытуучу маанилүү объект экени талашсыз.