Ак-Таш жайытындагы рейд: Мыйзам бузгандарга 106 миң сом айып салынды

Экология Загрузка... 31 Май 2026 22:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы

Бишкек, 31.05.26 /Кабар/. Чүй облусунун Кашка-Суу айылындагы Ак-Таш жайытында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирет.

Рейд учурунда мыйзам талаптарын одоно бузган эндуро мотоциклдери аныкталып, 2 мототранспорт каражаты айып короого токтотулду. Ошондой эле жайыттарды жана жаратылыш аймактарын бузуу фактылары боюнча жалпы суммасы 106 миң 500 сомдук административдик айып пул салынды.

Белгилей кетсек, буга чейин Экотехкөзөмөл кызматы тарабынан түшүндүрүү жана эскертүү иштери байма-бай жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө мыйзам талаптарын атайылап бузгандарга карата көзөмөл күчөтүлүп, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлүүдө.

Ак-Таш жайыты — жалпы элдин байлыгы. Жаратылыш аймактарын авто жана мототранспорт менен бузуу экологияга гана эмес, жайыттардын абалына дагы олуттуу зыян алып келет.

"Жайыттарды, жаратылыш аймактарын жана экосистемаларды автоунаа жана мототранспорт каражаттары менен бузууга жол бербөөгө чакырабыз. Мыйзамсыз кирүү жана жайыттарды бузуу фактылары үчүн мыйзамдарга ылайык 5 500 сомдон 20 000 сомго чейин административдик айып пул каралган. Жаратылышты коргоо — келечек муун алдындагы милдет жана жоопкерчилик", - деп кайрылышты жарандарга Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы.

Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар президенттин экологиялык коопсуздук жана климаттык туруктуулук боюнча жарлыктарын, ошондой эле министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө жөнүндө" токтомунун талаптарын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.