Бишкек, 30.05.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү участогунда кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирет.
Рейддин жүрүшүндө көлдүн акваториясынан мыйзамсыз орнотулган жалпы узундугу 3100 метрди түзгөн балык уулоочу торлор табылып чыгарылды. Мындан тышкары, жээк тилкесин тазалоо иштери жүргүзүлүп, айлана-чөйрөгө зыян келтирген 60 килограммга жакын тиричилик таштандысы чогултулуп чыгарылды.
Аталган иш-чаранын негизги максаты — Ысык-Көлдүн экологиялык тең салмактуулугун сактоо, балык ресурстарын коргоо жана көл жээгинин тазалыгын камсыз кылуу болуп саналат.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз балык уулоого, айлана-чөйрөнү булгоого жана жаратылышты пайдалануу эрежелерин бузууга каршы көзөмөлдү мындан ары да күчөтүп, профилактикалык жана рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзө берет.