Эко-активист Караколдон Бишкекке чейин карагайдын көчөтүн жөө алып келди

Коом 273 02 Июль 2026 09:20
736261052_1387985959845856_6618051984047036306_n.jpg
734339275_27336092976084366_9110589710338219940_n.jpg
730473841_1300188215212393_6401852044315420826_n.jpg
734218399_1112617611095431_3303548736106177261_n.jpg
734435635_995511956718750_8597967523188168190_n.jpg
735088648_1031951505878797_5521332603557359954_n.jpg
735287342_1061069583296137_4452253055561808481_n.jpg
735687372_2097866341139564_3642749911217783059_n.jpg
735734868_2823587801371809_2120113920118226316_n.jpg
735761380_1046536544566252_8548346448275133823_n.jpg
735877582_1676401440080958_4755741576798915818_n.jpg
736182251_1488659849640239_2920061869600383920_n.jpg
736188322_3134308076739531_7062776761863994123_n.jpg
736226199_996888502967964_3867969687589179044_n.jpg
736413334_1089509120922572_312167727700836734_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. "Таза карма" фондунун негиздөөчүсү, эко-активист Андрей Панаев Караколдон Бишкекке чейинки экологиялык акциясын ийгиликтүү аяктады.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, ал айлана-чөйрөнү коргоо жана жашылдандырууну жайылтуу максатында 9 күндүн ичинде 388 чакырым аралыкты жөө басып өткөн.

Иш-чаранын өзгөчөлүгү – активист жол бою колуна карагайдын көчөтүн көтөрүп келген. Бишкекке келгенден кийин Андрей Панаев катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү жаңы эко-технологиялык заводдун аймагына барып, аны шаар мэри Айбек Жунушалиев тосуп алды.

Жөө жүрүштүн алкагында алып келинген карагай жана башка көчөттөр заводдун аймагына отургузулду. Көчөттүн жанына акция тууралуу маалымат камтылган атайын QR-коддуу тактача орнотулду. Андан соң калааны жашылдандыруу жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү багытында пикир алмашышты.

Белгилей кетсек, Андрей Панаев Росиянын Казань шаарында туулган. Ал саякаттап жүрүп Кыргызстанды жактырып калып, ушул жерден үй-бүлө курган. Учурда Каракол шаарында жашайт. Акциянын башкы максаты – коомчулуктун көңүлүн жаратылышты коргоого жана экологиялык жоопкерчиликке буруу болуп саналат.