ЕККУ Кыргызстандагы шайлоого 330 байкоочу жөнөтүүнү пландаштырууда

Шайлоо 04 Ноябрь 2025 09:00
576986610_1240055264831130_3271177661548783223_n.jpg
574571676_1240055178164472_8246560944825282335_n.jpg
574571984_1240055198164470_1219453089966995240_n.jpg
574621529_1240055154831141_2052705204486559610_n.jpg
575106655_1240055221497801_4571805914533882815_n.jpg
576285769_1240055278164462_8496327676258711689_n.jpg
577308020_1240055354831121_8395112449983328344_n.jpg
Алдыга
Артка
576986610_1240055264831130_3271177661548783223_n.jpg
574571676_1240055178164472_8246560944825282335_n.jpg
574571984_1240055198164470_1219453089966995240_n.jpg
574621529_1240055154831141_2052705204486559610_n.jpg
575106655_1240055221497801_4571805914533882815_n.jpg
576285769_1240055278164462_8496327676258711689_n.jpg
577308020_1240055354831121_8395112449983328344_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon БШК

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Күн мурун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын кыска мөөнөттүү байкоо миссиясынын атайын координатору жана жетекчиси Клод Хааген менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана эл аралык байкоочулар менен кызматташтык маселелери талкууланды.

Тынчтык Шайназаров белгилегендей, шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу үчүн чакыруулар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. ЕККУ миссиясы 330 байкоочуну жөнөтүүнү пландаштырууда, бул ЕККУнун Кыргызстандагы шайлоо процессинин ачыктыгына жана айкындыгына болгон жогорку кызыгуусун көрсөтөт.

Клод Хааген алдыдагы шайлоодо колдонулуучу жаңы шайлоо системасына, шайлоо жабдууларын тестирлөө жыйынтыктарына, ошондой эле аралыктан добуш берүү системасынын иштешине кызыгуу билдирди. Ошондой эле ал жаңы шайлоо эрежелерин колдонуу жана үгүт иштеринин кыска мөөнөтүнө байланышкан мүмкүн болуучу кыйынчылыктар тууралуу суроо берди.

Төрага Тынчтык Шайназаров шайлоо процесстеги жаңылыктар жана өзгөртүүлөр тууралуу кеңири маалымат берип, аралыктан добуш берүүчү шайлоо жабдуулары төрт ирет сыноодон өткөрүлгөнүн жана анын ишенимдүүлүгү менен натыйжалуулугу толук тастыкталганын белгиледи. Ошондой эле ал аралыктан добуш берүү системасы чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар үчүн добуш берүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилеп өттү.

Жолугушууда гендердик теңчилик маселесине да өзүнчө көңүл бурулду. Тынчтык Шайназаров белгилегендей, шайлоо мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы чакырылыштагы парламентте бардык округдардан көрсөтүлгөн кеминде 30 аял же 30 эркек өкүл сөзсүз түрдө болот.

Жолугушуунун жыйынтыгында Клод Хааген аралыктан добуш берүү процессинин жана шайлоо жабдууларынын иши менен таанышты.