Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Суучулдар Экинчи дүйнөлүк согушта Түндүк деңизинде чөгүп кеткен кемени Нордерни аралына жакын жерде 35 метр тереңдикте табышты. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.
Агенттиктин маалыматына караганда, адегенде суучулдар кемени суу астында жүрүүчү кеме деп ойлошкон, бирок көп өтпөй ал Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жоголуп кеткен “Лотте Хальм”жүк ташуучу кемеси экени белгилүү болгон.
“Лотте Хальм” кемеси 1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Германиянын деңиз флоту үчүн мунай ташуучу кеме катары курулган, бирок кийинчерээк жүк ташуучу кемеге айланган.
1941-жылы кеме вермахта менен кызматка кирген. Согуш хроникаларына ылайык, 1941-жылдын августунда ага британиялык бомбалоочу учактар кол салган, андан кийин кеме Түндүк деңизине чөгүп кеткен.
Суучулдар кеме 84 жыл бою деңиз түбүндө жаткандан кийин аны аныктоого жетишти.
Эксперттер сүрөттөрдүн негизинде кеменин 3D моделин кайра жаратышты, бул табылганын архивдик маалыматтар менен салыштырууга мүмкүндүк берди.