Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда уурдалган Страдиваринин скрипкасы Япониядан табылды

Дүйнө Загрузка... 07 Июль 2025 16:06
WhatsApp Image 2025-07-07 at 16.02.27 (1).jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Берлинден уурдалган Антонио Страдиваринин скрипкасы 80 жылдан кийин Токиодон табылды. Бул тууралуу The New York Times билдиргенин “Лента ру” басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, атайын маданий баалуулуктар боюнча адис Карла Шапро кылдат иликтөөнүн аркасында дал ушул баа жеткис музыкалык аспапты таап чыккан.

“Мендельссон скрипкасы” деп аталган бул аспап еврейлердин Мендельсон-Бонке үй-бүлөсүнө таандык болгон.

Ал дүйнөгө таанымал композитор Феликс Мендельссон менен туугандык байланышта болуп, скрипканы муундан муунга өткөрүп жүрүшкөн.

2018-жылы Токиодо өткөн Страдиваринин аспаптарына арналган көргөзмөдө “Stella” деп аталып көрсөтүлгөн скрипка Карла Шапронун шектенүүсүн жараткан.

Ал скрипканын сүрөттөрүн жана өзгөчөлүктөрүн анализдеп, “Бул - Мендельссон скрипкасы!” деген тыянакка келген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында скрипканын жыгачы, боелгон катмары жана түзүлүшү дал ошол жоголгон Мендельссон аспабы экенин тастыкталган.