ЖК депутаттарын шайлоо. Эки талапкер катышуудан баш тартты

Шайлоо 28 ноябрь 2025 09:57
ЖК депутаттарын шайлоо. Эки талапкер катышуудан баш тартты
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. №22 жана №24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Лира Акунова жана Гүлназ Халилова шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, талапкер Л.Акунова 26-ноябрда, ал эми Г.Халилова 27-ноябрда шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыз берген.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, берилген арыздардын негизинде аталган талапкерлердин каттоолору жокко чыгарылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрга белгиленген.