Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. Нарын районундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы Эки-Нарын көпүрөсүнүн курулушу аяктоо алдында турат.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө көпүрөнүн негизги конструкциясы толугу менен бүткөрүлүп, темир тосмолорун жана жол элементтерин орнотуу жумуштары жүрүүдө.
Жакынкы күндөрү курулуш иштери толук бүтүп, каттам ачылары күтүлүүдө.
Азыркы тапта жарандар убактылуу Сары-Булак – Арчалы – Оруктам жолу аркылуу каттап жатышат.