Бишкек,31.08.25./Кабар/. Кечээ, 30-августта Эгемендүүлүк күнүнүн 34 жылдыгына карата Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн эки министр «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды.
Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, наамды президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев тапшырды.
Алар:
- Бообек Ажикеев — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
- Медер Машиев — Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри.
Облус жетекчиси сыйлык тапшыруу аземинде куттуктоо сөз сүйлөп, министрлердин эмгегин жогору баалап, мындан аркы ишине ийгилик каалады.