Эки өлкөнүн келишими: Кыргызстандык жаранга Түркияда пенсия дайындалды

Коом 27 июль 2026 11:25
Эки өлкөнүн келишими: Кыргызстандык жаранга Түркияда пенсия дайындалды

Бишкек, 27.07.26 /Кабар/. Кыргызстандык жаранга эки өлкөнүн ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишимдин алкагында Түркияда пенсия дайындалды.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы келишим 2020-жылдын 1-ноябрында күчүнө кирген. Ал жарандарга социалдык төлөмдөрдү дайындоодо эмгек стажын эсепке алууну карайт.

Бүгүнкү күнгө карата келишимди ишке ашыруунун алкагында Түркия тараптан Кыргызстандын жарандарынын эмгек стажын тастыктоо боюнча 418 суроо-талап келип түшкөн. Алардын баары каралып, тиешелүү жооптор берилген.