Эки кыргызстандык биринчилерден болуп жаңы үлгүдөгү паспорт алышты

Коом Загрузка... 03 Ноябрь 2025 17:59
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын эки жараны 2025-жылкы жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортторду алышты. Аларга документтерди президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев тапшырды.

Эскерте кетсек, бүгүн, 3-ноябрда Кыргызстанда жаңы муундагы биометрикалык жалпы жарандык паспортторду киргизүү башталды. Жаңы документ дизайны жана коопсуздук деңгээли боюнча толугу менен жаңыланган, улуттук символиканы чагылдырат жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эл аралык талаптарына жооп берет.

Паспорттордун бет ачары "Ынтымак Ордо" резиденциясында өтүүдө. Иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, "Учкун" ААКтын башкы директору Бактыбек Султанов, "Кызмат" мамлекеттик ишканасынын директору Азамат Жапаров жана башка расмий жактар катышууда.