Эки эсе үнөмдүү. Манаста отканалардын бири пропан менен иштөөгө өттү

Аймак 13 ноябрь 2025 17:00
11.jpg
0cacfe48-b2a1-43f2-9de9-7b44b3c90e38.jpg
1.jpg
3b0ed051-5d47-4350-aec3-1a1207a2f94d.jpg
6d11ff99-3d91-4965-bee8-14496fae060a.jpg
9e30b81b-ea4a-4147-811d-f2cb73572458.jpg
22.jpg
65bf3d52-e48b-4500-bf22-9a2fa309e593.jpg
676092e6-5d83-4850-8a09-607bccf87f09.jpg
19209913-b193-4fc7-b021-f2158f6fdb79.jpg
b91fefa0-7a90-4ef0-9a36-494ee324074d.jpg
b888716c-d8bd-40c4-adbb-0bac8d5dde15.jpg
cb5d9181-1f4f-47b8-a0c5-cb083dd67173.jpg
e1d1f809-26e2-45b6-90dd-78a15fab9edb.jpg
f54e82ec-3646-4c04-a90c-cdffec189963.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Манас шаарындагы №14 откана пропан газы менен (суюлтулган газ) иштөөгө өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бүгүн мэр Эрнисбек Ормоков аталган отканага барып, пропан газы менен иштеп жаткан откананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анын жүрүшүндө тиешелүү жетекчилерге шаардагы башка отканаларды, жаңы курулуп жаткан объектилерди жылытууну пропанга өткөрүү жагын карап чыгуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле имараттарды пропан менен жылытуу экологиялык жактан гана пайдалуу болбостон электр энергиясын, акча каражатын да үнөмдөөгө чоң салым кошо тургандыгын белгиледи.

Учурда №14 откана 10 көп кабаттуу үйдү, бир бала бакчаны жана бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын жылуулук менен камсыздап жатат. Адистер аталган откана өткөн жылы мазут жана жаратылыш газы менен иштеп (жаратылыш газы күн суук мезгилдерде тартыш болуп өчүрүлөт), ага 9 млн. сомдой каражат сарпталганын, ал эми быйыл пропан менен бул каражат эки эсеге чейин кыскарып, 4,5 млн. сом сарпталышы пландалып жатканын айтышууда.

Белгилей кетсек, пропан менен иштөөчү откана Кыргызстанда алгачкылардан болуп Манас шаарында ишке киргизилди. Алдыда бул технологияны өлкөнүн башка аймактарына да жайылтуу пландалууда.