Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы эс алуу паркында улуу өзбек акыны жана ойчулу Алишер Навоиге арналган жаңыланган эстеликтин расмий ачылыш аземи өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси жана шаар тургундары катышты.
Эстелик – эки элдин достугунун символу катары бааланып, маданий мурастарды даңазалоого багытталган.