Екатеринбургда Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын гастролу башталды

Маданият 08 Апрель 2025 09:20
fb18a4e6-b4ae-4ca1-835c-839d9208da98.jpg
ef96fea6-f28a-4562-bb76-e157ee94ba31.jpg
c1916362-af4d-414d-8aaf-edd2c48be35b.jpg
276edc58-388a-4b72-a2bf-723c214cb5c2.jpg
2d2d21a2-479e-4040-ab7b-b4c56c102829.jpg
Алдыга
Артка
fb18a4e6-b4ae-4ca1-835c-839d9208da98.jpg
ef96fea6-f28a-4562-bb76-e157ee94ba31.jpg
c1916362-af4d-414d-8aaf-edd2c48be35b.jpg
276edc58-388a-4b72-a2bf-723c214cb5c2.jpg
2d2d21a2-479e-4040-ab7b-b4c56c102829.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Екатеринбургда Ч.Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган "Жоломан, өзүңө кел" спектакли менен Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын гастролу башталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын ачылышына Кыргызстандын башкы консулу Максат Тентимишов, Екатеринбург шаарынын башчысынын орун басары М.Фадеева, Кыргызстан менен Екатеринбургдун ЖКТларынын директорлору А.Алыбаев жана С.Радченко катышты.

Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры Екатеринбург көрүүчүлөрүнө "Кат – учактар" спектаклин тартуулады.

Спектакль көрүүчүлөр тарабынан чоң кызыгуу жана жылуу кабыл алуу менен коштолду. Көрүүчүлөр Ч.Айтматовдун жана башка жазуучулардын чыгармаларына спектаклдерди даярдоону суранышты. Көрүүчүлөрдүн арасында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да болду.

Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры КР Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен Россиянын Маданият министрлигинин "Чоң гастролдору" сынагынын жеңүүчүсү болду.

Белгилей кетсек, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын гастролу 1930-жылдын 1-апрелинде негизделген Екатеринбург жаштар театрынын 95 жылдыгына арналып, юбилейге Москва менен Санкт-Петербургдун, ошондой эле Екатеринбургдун боордош шаарларынын Бишкек жана Минсктин театрлары чакырылган.